Бишкекте 33 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бошотулду


Бишкекте муниципалдык жерди максатсыз пайдалануу фактысы аныкталып, 33 миң чарчы метрден ашык аймак бошотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исакеев жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жай катары берилген жер тилкеси иш жүзүндө автоунаа сатуу аянтчасы катары пайдаланылган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аймактан 1 000ден ашык автоунаа чыгарылып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды. Ошондой эле жер тилкесин курчап турган тосмолор алынган.

Мэрия муниципалдык жерлердин максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө иштери улантыларын белгиледи.