УКМК: Ошто “Хизбут-Тахрир” экстремисттик топтун активдүү мүчөлөрү кармалды


КР УКМК Ош облустук ИИБ менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 дарегине санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган. Табылган буюмдар КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.