Караколдогу лыжа базада асма жолдун тирөөчү кулап түштү


 Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, факт каттоого алынып, окуянын чоо-жайы такталууда.
Соцтармакка тараган видеодо тирөөч асма жол менен бара жаткан эки жаш бала өткөндөн кийин кулаганы белгиленген.
Лыжа базанын администрациясы, бардык кардарлар асма жолдон түшүрүлгөнүн жана жабыркагандар жок экенин маалымдады.