Мамлекеттик карызды төлөөгө 38 млрд сомдон ашык акча сарпталды


Быйыл жарым жылда мамлекеттик карызды (ички жана тышкы карыз) төлөөгө 38 млрд 49.6 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Аталган сумманын 22 млрд 39.6 млн сому тышкы карызды төлөөгө кеткен. Анын ичинен 19 млрд 86.3 млн сому бересенин негизги суммасы, 2 млрд 912.3 млн сому үстөк пайыздары болгон.

Ошондой эле ички карызды кайтарууга 16 млрд 10 млн сом коротулган. Мунун ичинен 8 млрд 926.9 млн сом карыздын негизги суммасына, 7 млрд 83.1 млн сом үстөк пайызды төлөөгө сарпталган.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 599 млрд 929.78 млн сомго жеткен. Анын ичинен тышкы карыз 393 млрд 638.78 млн сом болсо, ички карыз 206 млрд 291.01 млн сомду түзгөн.