Улуттук гвардия өзүнүн түзүлгөн күнүн белгиледи


2025-жылдын 22-июлунда Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Салтанатка КР КК Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, ардагерлер генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, аскер кызматчылары жана чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар аскер кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн тырышчаактыгы, кызматтагы жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги ошондой эле спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин жана Улуттук гвардиянын кол башчысынын буйругу менен дипломдор, грамоталар, кубоктор жана медалдар тапшырылды.
Майрамдык салтанаттын соңунда аскер кызматчылар жана коноктор үчүн Улуттук гвардиянын аскердик оркестри тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.