Кыргызстанда «Кооптуу жүк» аталышындагы  рейд башталды


 Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Рейд 23-июлдан 2-августка чейин уланат. Анын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Ош багыты боюнча күйүүчү май же башка кооптуу жүктөрдү ташыган унаалардын техникалык абалы, тийиштүү уруксат кагаздары  текшерилип, аныкталган кемчиликтер үчүн катуу чаралар көрүлөт.