Туманбаев ооруканалар шаар сыртына чыгарыларын билдирди


Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаардын сыртына, Көк-Жарга чыгарыларын билдирди.

Ал бул тууралуу 23-июлда Эне-баланы коргоо улуттук борборунун оңдоп-түзөтүүдөн өткөндөн кийинки абалын көрүү үчүн барганда айтты.

“Азыр биз медициналык шаарчанын курулушун баштап жатабыз. Ооруканалардын баары ошол жакка, Көк-Жарга көчөт”,-деди Туманбаев.

Ал курулуштун чоо-жайы тууралуу мындан башка кеңири маалымат берген жок.