Бишкек мэриясында бир катар кызматкер иштен алынды


Мэр Айбек Жунушалиев кол койгон буйрукка ылайык, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Чолпонбаев, ошондой эле анын орун басарлары Болот Апилов жана Адилет Турдуев ээлеген кызматынан бошотулду.

«Эске салсак, буга чейин шаар башчысы Ленин жана Биринчи май райондорунун санитардык түйүндөрүн текшерип, анда аткарылган иштердин сапаты жана көлөмү, көзөмөлдүн начардыгы боюнча сын-пикирлер айтылган. Жооптуу кызматтарга мыйзам бузууларды тез арада жоюу тапшырмасы берилген», — деп айтылат маалыматта.