Бишкекте «Глобус» дүкөнүнө айып салынды


 Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Буга чейин соцтармактарга Жал кичи районундагы «Глобус» дүкөнүндө кызматкер жер-жемиштерге дихлофос чачканы тууралуу маалымат чыккан. Ага байланыштуу санэпидемкөзөмөл борбору Ахунбаев 196 дарегиндеги дүкөнгө барып, текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында айтылган мыйзам бузуулар анык болуп чыгып, дүкөнгө 23 миң сом айып салган.

Ошондой эле «Глобус» дүкөнүнүн башчылары («Умай Групп» компаниясы) аталган кызматкерди жумуштан кетирген.

Окуя күнү сатыкта турган жашылча-жемиштер сатуудан алынганы айтылды.