25-июлга карата аба ырайы


Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Талас аймагында +30…+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +27…+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +36…+38 градуска көтөрүлөт.