Ысык-Көлдө көл жээгине эс алууга келген туристтерге кол чатырды ижарага алууга мажбурлап акча алган жарандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Орунбеков буга чейин президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элдин жээкке эркин келип эс алуусуна шарт түзүлгөнүн, бирок учурда айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан жарандар бар экенин айтты. Ал кол чатыр албагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экенин кошумчалады.
«Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз.
Туристтерден акча табабыз десек – сый, тазалык жана меймандостук менен табалы! Келген конокторду жылуу узатып, кийинки жылы кайра келишине шарт түзөлү», – деди ал.

