Ошто мас айдоочуга чара көрбөгөн жол тескөөчү кармалды


Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБ Патрулдук милициясынын инспектору кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР УКМК, КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча «Ички иликтөө бөлүмү» менен биргеликте Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милициясынын инспектору, милициянын прапорщиги «К.Т.К.» тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.


Алсак, 2025-жылдын 5-июль күнү Ош ШИИБ ПМ инспектору, милициянын прапорщиги «К.Т.К.» рейд учурунда Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаанын айдоочусу мас абалында болуп, анын айдоочулук күбөлүгү (1 жылга ажыратылган) жана транспорттук каражаттын техникалык паспорту жок болгон.
Аталган мыйзам бузууларга карабастан, инспектор «К.Т.К.» кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош облустук наркологиялык борборго текшерүү үчүн мас айдоочунун ордуна, унаа жүргүнчүсүнүн өздүк маалыматтарын жөнөткөн. Мындан улам, экспертизанын жыйынтыгында чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган.
Жыйынтыгында, Ош ШИИБ ПМ инспектору мыйзам бузуучуга карата тийиштүү чараларды көрбөй бошотуп жиберген. Мындан тышкары, тиешелүү протоколдорду түзбөстөн туруп, унааны айдоочуга өткөрүп берген.
2025-жылдын 23-июль күнү Ош ШИИБ Патрулдук милициясынын өздүк курамынын эрте мененки бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө, милициянын прапорщиги «К.Т.К.» КР УКМКнын жана КР ИИМдин «Ички иликтөө кызматынын» кызматкерлери тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырылды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен КР КЖК 96 жана 97-беренелеринин негизинде Ош ШИИБнин ПМ инспектору «К.Т.К.» кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.