Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты


Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялаган дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг 17-20-июль күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн Polyák Imre & Varga János Memorial эл аралык рейтингдик мелдешинин жыйынтыгынан кийин белгилүү болду. Бул мелдеште Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта коло байгеге ээ болду.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы быйыл үч мелдешке катышып, байгелүү болду.