Ботаникалык бак боюнча мэрия үн катты


 

Гареев атындагы Ботаникалык бак Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына кирбейт жана муниципалдык түзүмдөрдүн балансына таандык эмес. Бул объект Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагында турат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Ботаникалык бак өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын катарына кирет жана тиешелүү укуктук макамга ээ.