Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, муниципалдык ишкананын жетекчиси (Д.Э.) 2023-жылы августта кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, сатып алуу жол-жобосун бузуп, узундугу 660 метр болгон Жакыпов көчөсүсүн оңдоо үчүн «Г-У.» курулуш компаниясынын башчысы (Г.Ш.) менен 24.5 млн сомго түз келишим түзгөн.
Бул тилкедеги оңдоо иштери сапатсыз материалдар менен жүргүзүлгөн, аны менен катар жумуштун баасы 3 млн 62 миң сомго кымбаттатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Соттун чечими менен аталган эки шектүү Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

