Коом

«Пегасус» авиакомпаниясы «Анталья – Ош –Анталья» аба каттамын ачат

Түркиянын эки шаарынан Ошко каттамдар ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Даламан жана Анталья шаарларынан «Ош» эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалып жатат. Авиакаттамдар «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы.

«Анталья – Ош – Анталья» багыты боюнча аба каттамы 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы пландалууда.

«Даламан – Ош – Даламан» багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button