Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин натыйжасы жакшы жыйынтыктар менен коштолгонун бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
Бул туурасында:
– Быйыл 6 айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүү 117 млрд. 636 млн сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 14 млрд. 20 млн. сомго көп болуп, өсүү темпи 103,8 пайызды түздү.
Ал эми, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү 48 млрд. 401 млн. сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9 млрд. 186 млн. сомго көп болуп, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 144,0 пайызды түздү.
Республиканын калкы негизги тамак-аш азыктардын 6 түрү– сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер, жумуртка менен камсыздалды, эң негизгиси өлкөбүздүн ички агро азык-түлүк рыногунда жагымсыз өзгөчө кырдаал жаралган жок, абал туруктуу сакталды, — деп белгиледи министр Бакыт Төрөбаев.

