Ысык-Ата районунун акими болуп Алмазбек Рахманкулов дайындалды


Бул тууралуу райондук мамлекеттик
администрациядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине жана «Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-
беренесине ылайык, Рахманкулов
Алмазбек Рахманкулович Чүй облусунун
Ысык-Ата районунун мамлекеттик
администрациясынын башчысы — аким
болуп дайындалды.
Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович
1974-жылы 8-июнда төрөлгөн.