Бүгүн республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +28…+30, Ош шаарында +31…+33 градуска көтөрүлөт.

