Алманбет Анапияевдин туугандарына таандык 12.68 га жер мамлекетке кайтарылды


Маркум кримтөбөл Алманбет Анапияевдин туугандарына таандык 12.68 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалым болгондой, аталган жерлер Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Алмамбет Анапияевдин туугандары ал жерлерди мыйзамсыз менчиктештирип алган. Тергөө иштеринин натыйжасында Дароот-Коргон айылындагы 0,7 га жер тилкеси, 749,65 чарчы метр болгон имарат, 14 сотик жерде жайгашкан май куюучу жай менен дүкөн, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы 11,84 га жер мамлекетке кайтарылды.