Жакында Таласта таза суу чыгарган ишкана ишке берилет


Талас облусунун Беш-Таш айыл аймагында таза суу чыгарган чакан ишкана иштей баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ишкана жакында ишке кирип, суу «Арашан» деген ат менен чыгарылат.

Учурда курулуш иштери аяктап, керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн тендер жүрүүдө.

Ишкананы салганга 10 млн 147 миң сом кеткен. Жабдууларды сатып алууга кошумча 7 млн сом бөлүнгөн. Акчаны Талас райондук өнүктүрүү фонду берген.

Ишкана ачылгандан кийин анда 7-10 адам иштейт.