Рустам Кадыркулов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды


Кадыркулов Рустам Болотбекович Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кол койду.

Активге жаңы мэр 4 августта тааныштырылды.

Рустам Кадыркулов буга чейин Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жетекчилигинин алдында «Ысык-Ата», санаторийдин директору болуп курорттук аймакты калыбына келтирүү максатында иш алып барган.

Кадыркулов 26-Март, 1986-жылы Токмок шаарында туулган.