Баткен Мамлекеттик Университетинен 2170 студент чыгарылды


Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган студенттер окууга келбегени жана окуу жайдын талаптарына баш ийбегени үчүн окуудан чыгарылды.

Окуудан чыгарылгандар:

  • Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
  • «М.М.Тайиров» атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
  • Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
  • «А.А.Машрабов» атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
  • БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
  • БатМУнун алдындагы Педагогика жана коммуникация колледжи – 14.