Коом

Акылбек Жапаров «Сбербанк» жана «Газпромдун» жетекчилери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун алкагында «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысынын «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен дагы жолугушуусу өткөн. Анда Финансы министрлиги менен “Газпромбанк” акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Тараптар финансы институттары ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, акча-кредит саясаты маселелери боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button