Милиция 6-августта Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда беш жаранды кармады.
Кармалгандар: 1999-жылы туулган Б.М., 1991-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган К.Н., 1990-жылы туулган М.У. жана 1965-жылы туулган А.Ж.
Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар Октябрь акимиаты жана Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясы №172 контурдагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жолду мыйзамсыз тосуп алышкан.
Октябрь райондук ИИБдин тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кармалгандар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле коомдук тартипти бузгандыгы үчүн райондук башкармалыкка 17 жаран жеткирилип, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча протокол түзүлдү.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесине (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык, жолду, катташуу жолдорун мыйзамсыз тосууну уюштурган же жетектеген, башкача айтканда, жолдо адамдардын топтолушун түзүү же тосмо курулмаларды, техниканы же башка буюмдарды орнотуу аркылуу адамдардын, автоунаалардын же башка транспорт каражаттарынын кыймылын бөгөттөө жана чектөө, олуттуу зыян келтирген болсо, айыпталуучу 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

