Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак жай комплекси “Хан-Теңири” деп аталат. Ал 10 блоктон турат жана ар бири 9 кабаттуу. Буга чейин Каракол шаарында эң бийик көп кабаттуу батирлер 7 кабаттан гана турган. Караколдо алгачкы жолу 9 кабаттуу үй салынды.
Бул Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан берилип жаткан алгачкы батирлер.
Комплексте:
- 1 бөлмөлүү — 168 батир
- 2 бөлмөлүү — 168 батир
- 3 бөлмөлүү — 84 батир камтылган.
Турак жай комплексинин аймагында эки бала бакча, мектеп, откана жана башка ыңгайлуу жашоо үчүн объектилер каралган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалган.
Батирлердин жарымынан көбү социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча берилсе, ал эми калганы алгачкы 50 пайыз төлөө шартында үлүштүк курулуштун негизинде берилет.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Каракол шаарынын башкы планын негизинде 30 гектардан ашуун аймакта 69 көп кабаттуу үй курулууда. Жалпы 3 миң 105 батир пландалган.
Долбоордун экинчи этабы эмдиги жылы ишке ашырылып, 2027-жылдын төртүнчү кварталында бүткөрүлөт деп пландалган.

