Бүгүн республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас аймагында +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32…+34, Чолпон-Атада +21…+23 градуска көтөрүлөт.

