Кара-Сууда мыйзамсыз суусундуктарды чыгарган цех аныкталды


Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аталган көмүскө цехте «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу суусундуктар жасалмаланып чыгарылган.

Бул жерди иштеткендерге айып салынган. Ошондой эле суусундуктардан үлгүлөр алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Учурда текшерүү иштери уланууда.