Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депортацияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 10-августта маалымдады.
АКШ тараптын депортация тартибине ылайык, эми алардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө 5,10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн.
“Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал. Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында, АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат”, — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары мекеме АКШга барууга камынып жаткан жарандарды ушул жагдайларды эске алып, ал өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырган.

