Баткенде мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды


Баткен облусунда менчик ээси өз ыктыяры менен 3 гектар болгон жер тилкесин мэриянын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМК билдирет.

2018-жылы Баткен шаарындагы жер тилке мыйзамды бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткен.