КР УКМК КР Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, бөгөт койду.
Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу үчүн кызмат адамына пара берүү фактылары документтештирилди.
Малдарды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүү максатында аталган адамдар инженердик-техникалык тосмолорду атайылап бузушкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ири мүйүздүү малды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүнү уюштурууга жана ишке ашырууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Аныкталган ири мүйүздүү малды коңшу мамлекетке контрабандалык жол менен өткөрүү схемасы туруктуу мүнөзгө ээ болуп, аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна жана баалардын калыптанышына терс таасирин тийгизген.
Кыргыз Республикасынын УКМКсы мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз өткөрүү жана инженердик-техникалык тосмолорду атайылап бузуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

