Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиация кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Улуттук коопсуздук органдарына авиациялык коопсуздукту камсыз кылууда жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун терроризмге каршы ишенимдүү корголушун камсыздоодо активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын төрагасы, генерал-майор М.К.Асаналиевдин атынан УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А.Т.Эрбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана «Кыргызстандын аэропорттору» ачык акционердик коомунун айрым жетекчилерине жана кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлоо аземинин жүрүшүндө кызматкерлердин көрсөткөн кыраакылыгы, жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана кызматтык милдетине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирилди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар жарандык авиация кызматкерлерине бекем ден соолук, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара конструктивдүү аракеттенүүнү жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ишеним билдирилди.


