Апасын сабады деп шектелген адам кармалды


Бүгүн, 11-августта, Чүй районунун милиция кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Б. З. аттуу шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Ал Бишкек шаарында кармалган. Тергөө иш-чаралары уланууда, алардын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Милиция Чүй районунун Ак-Бешим айылында аял киши сабалып, ооруканага түшкөнүн эскерткен. Андан тышкары, кылмышкер анын үйүн өрттөп жиберген. Шектүү катары аялдын уулу изделип жаткан.