Бишкекте милиция бөлүмүндө эркек кишинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


 Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 9-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын имаратында 2000-жылы туулган эркек кишинин өлүмү катталганы маалымдалган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү, 9-августта Ленин районунун прокуратурасы М.А.нын өлүмү боюнча №1 шаардык милиция бөлүмүндө «Кызмат абалынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

«Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, бардык керектүү тергөө аракеттери прокуратура органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.