Быйыл 4-сентябрдан тарта мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясынын учактары Бишкек — Нарын багыты боюнча каттай баштайт.
Бишкектен Нарынга учак менен 40 мүнөттө барганга мүмкүн болот. Каттамдар заманбап жана ыңгайлуу учактар менен аткарылат.
Билеттердин баасы 2.1 миң сомдон башталат.

