Быйыл Бишкекте 15 миң көчөт тигилет


 Бул тууралуу мэрия билирди. 

Мэрия белгилегендей, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын көчөтканасында шаар үчүн 45 миңден ашык көчөт өстүрүлүүдө.

Быйыл борбор калаага 15 миңден ашык көчөт отургузуу пландалган. Анын 7 миңи жазында тигилди. Калган 8 миңдей көчөт күзүндө отургузулат.