Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, каза болгондор бар


Бул тууралуу күбөлөргө таянып Акипресс жазды.

Күбөлөрдүн айтымында, 17-августта болжол менен саат 16:00 чамасында Ала-Бел ашуусунда «Тойота» жана «ДЭУ Нексия»маркасындагы эки унаа кагышкан.

Болжолдуу маалыматтар боюнча
окуяда эки адам каза болду, дагы экөөнү тез жардам унаасы менен алып кетишти.