Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Алардын бири – «Адахан» көмүр кени Раззаков шаарынын аймагында жайгашкан. Аталган кенде 25 жумуш орун түзүлүп, жылына 4000 тоннага чейин көмүр казып алынат деп пландалууда. Кендин аймагында 50 миң тонна көмүрдүн запасы аныкталган.
Экинчиси – «Мурас» көмүр кени Сүлүктү шаарынын аймагында жайгашкан. Ал жерде 15 жумуш орун түзүлүп, жылына 5000 тонна көмүр өндүрүлүп турат.
Ошондой эле жыл аягына чейин Сүлүктү шаарында жайгашкан «Сүлүктү-11 талаа» көмүр кенин ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул ири кен «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан инвесторлордун колдоосу менен ачылат.
Облуста быйыл жарым жылда төрт чакан көмүр кен – «Толукбай», «Кенчилер берекеси», «Лин Сюнь» жана «Горный кристалл» кендери ишке кирген.

