Айыл өкмөт башчысы пара алууга шектелип кармалды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Каныш-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында 25 млн сомго спорт зал салуу үчүн тендер өткөрүлгөн. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы (Т.Б.) тендерди уткан компаниядан «жардам бергени үчүн» деп 2.5 млн сом талап кылган.

15-августта ал пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага Кылмыш кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен кармалган.