Коом

Токтогул токой чарбасында күнүнө 200 литр бал рынокко чыгара алган цех ачылды

Токтогул токой чарбасында бал азыктарын кайра иштетүүчү цех курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Токой чарба кызматы билдирди.

Бал азыктарын рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу менен кошумча киреше булактарын түзүү максатында, Токтогул токой чарбасында бал азыктарын кайра иштетүүчү цех курулуп, ишке берилген.

“Токтогул токой чарбасында кубаттуулугу күнүнө 200 литр балды ички жана тышкы рынокко чыгаруу үчүн бал азыктарын кайра иштетүү жана таңгактоочу кичи цехи иштеп баштады. Кичи цехти токой чарбасынын потенциалын натыйжалуу пайдаланууга гана эмес, атаандаштыкка жөндөмдүү жана импортту алмаштыруучу азыктарын өндүрүүгө салым кошууга мүмкүндүк берет”, – дейт аталган мамлекеттик мекеме.

Бул иш-чара Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонду тарабынан каржыланып, КРдагы токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы менен биргеликте ишке ашырылууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button