Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине бир топ адамдардын алдамчылык аракеттери тууралуу маалымат келип түшүп, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, бир катар чет өлкөлүк жарандардан турган, алар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ошондой эле ар кандай хакердик программалар менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн тартып алуунун туруктуу схемасын уюштурушкандары аныкталган.
УКМКга 1959-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Б.Ч.Б. кайрылып, алдын ала пландаштырылган сценарий боюнча, анын каражаттарын ээлеп алгандыгын, ошондой эле ар кандай алдамчылык аракеттери менен кыймылсыз мүлкүн базар баасынан төмөн сатууга мажбурлап (кыймылсыз мүлктү тез арада сатып алуу боюнча риэлторлук компанияга сатылган), ага белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын өкүлү жана ИИМдин тергөөчүсү, УКМКнын кызматкери катары тааныштырышканын билдирген. Алар алдамчыларды кармоо боюнча ойдон чыгарылган оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражаттарын которуу шылтоосу менен камакка алууну пландаштырышкан. Бирок, Б.Ч.Б. шылуундардын тобуна түшүп калдым деп шектенип, КР УКМКга кайрылган.
Кайрылган Б.Ч.Б. менен сүйлөшүү учурунда, акыркысы алдамчылардын телефон номерлерин көрсөтүп, шылуундар менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө номерлер клондор экенин, Б.К.Б. такси кызматы аркылуу акча жөнөтүүгө шашып, сүйлөөсүн аныктоо укук коргоо кызматкерлери үчүн мүнөздүү эмес болуп, ошондой эле украин жана орус тилдеринин диалектисинде сүйлөө болгондугу аныкталган.
Аталган факт боюнча профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен риэлтор компаниясынын өкүлү өз ыктыяры менен сатып алынган батирди Б.Ч.Б.га кайтарып берүүгө макул болгон.
Жасалма интеллект платформаларын алдамчылардын колдонуусу тууралуу маалыматты талдоо көрсөткөндөй, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарына жетүү үчүн алдамчылар жакын туугандарын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, өлкөнүн жогорку кызмат адамдарын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери болуп өзүлөрүн көрсөтүшү мүмкүн.
КР УКМК жарандарды шылуундарга алданбо керектигин эскертип, шектүү чалуулар болсо УКМКга тезинен кайрылууну өтүнөт.