Кыргызстанда кийинки жылдан тарта стипендиялар жогорулатылат


Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алган студенттердин стипендиялары жогорулатылат.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Стипендиянын жогорулашы жогорку окуу жайларынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан билим алуучуларга да тиешелүү болот.

Кабинеттин министрлерине тиешелүү чараларды көрүү, ошондой эле стипендияларды жогорулатууга керектүү каражаттарды 2027-жылга республикалык бюджеттин долбооруна жана 2028-2029-жылдарга каралган пландуу мезгилге киргизүү тапшырылды.

2005-жылдын 19-январындагы №20 «Стипендияларды жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.

Жаңы жарлык расмий жарыялангандан кийин 7 күн өткөн соң күчүнө кирет.