2-октябрдан 8-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча, 23 365 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 4 710;
- мас абалында унаа башкаруу – 362;
- унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу – 238;
- жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 978;
- унааны пайдалануу эрежелерин бузуу – 5 412;
- автоээнбаштык – 44;
- белгиленген ылдамдыкты жогорулатуу – 1 244;
- жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу – 6;
- жол кыймылынын башка эрежелерин бузуулар – 1 288.
Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 731 транспорт каражаты убактылуу айып короосуна токтотулду.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

