Кыргызстанда 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор киргизилет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечимге ылайык, өлкө ичинде колдонулган ID-карт менен чет элдик паспорт жаңыртылат.
Бирок жаңы паспорттор эски үлгүдөгү паспорттордун бланктары түгөнгөндөн кийин бериле баштайт.

