Көлдө шамал агызып кеткен төрт жаран куткарылды


Бул тууралуу ӨКМнин Ысык-Көл башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы пансионаттарынын биринде желим кайык менен жүргөн 4 адамды шамалдан улам толкун агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө Ысык-Көл райондук №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу 1 моторлуу кайык менен барып, аман-эсен куткарып калышты.

Аталган жарандардын абалдары туруктуу.