Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү


Бишкекте үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, 20-августта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну 38 жумалык кош бойлуулугу менен жаткырылган.

Кош бойлуулуктун өзгөчөлүгүнө байланыштуу дарыгерлер кесарево операциясын жасоону чечишкен.

21-августта салмагы 2700 грамм жана бою 48 см болгон эркек бала жана салмагы 2800 грамм, бою 50 см жана 2055 грамм, бою 48 см болгон эки кыз жарыкка келген.