Өзгөндө мал сарай өрттөнүп, 2 жашар наристе чарчап калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн шаарынын Таштак тилкесинде эки кабаттуу мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калганын билдирди. Өрттүн себеби такталууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар.