Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
«Бедел» кыргыз-кытай автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон кургатылган жемиштерге карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;
«Кыргыз аэронавигация» мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын Үрүмчү райондук диспетчердик борборунун ортосундагы макулдашуу каты;
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорундагы КР үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат;
Чүй облусу менен Ганьсу провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин ортосундагы адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
КР Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Медиакорпорациясынын биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө протокол;
КР Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Эл Республикасынын «Синьхуа» маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
КРдин Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Кытай Эл Республикасынын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

