Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин ишин баштады


Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышы болуп, депутаттар өз ишин башташты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.