Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Буга чейин аталган каттам 1-сентябрга чейин иштейт деп пландалган. Бирок аны узартуу чечим кабыл алынган.
Поезд мурдагы эле убакыт боюнча каттайт. Болгону 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги өзгөрөт. Ага ылайык, 5-сентябрда поезд «Бишкек-2» бекетинен саат 08:45те жолго чыгып, саат 13:16да Балыкчыга жетет. Кайра Балыкчыдан кечки саат 19:26да шаарды көздөй жол тартып, «Бишкек-2» бекетине саат 23:56да келет.

